К. Токаев SINOPEC корпорациясынын башчысы Юй Баоцай менен жолугушту

К. Токаев SINOPEC корпорациясынын башчысы Юй Баоцай менен жолугушту

Корпорациянын жетекчиси Юй Баоцай Касым-Жомарт Токаевге SINOPECтин бүгүн Казакстандагы иши жана пландары тууралуу айтып берди. Маектешүүдө геологиялык чалгындоо жана мунай-химиялык өнүмдөрдү өндүрүү жаатында кызматташуунун келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай өз ара аракеттенүү Казакстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдей турганын белгиледи.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков