5 жылдын ичинде Казакстандын IT-кызмат көрсөтүү экспорту 20 эсеге өстү

5 жылдын ичинде Казакстандын IT-кызмат көрсөтүү экспорту 20 эсеге өстү

Казакстанда венчурдук инвестиция фонду ишке кирет. Ал Astana Hub технопаркынын базасында түзүлөт жана АЭКБнын карамагында болот. Фонддун максаттуу көлөмү 1 миллиард долларды түзөт. Ал аймактагы таланттарды жана стартаптарды тартып, чет элдик инвестицияны алы келүүгө көмөктөшөт. Ошондой эле, өлкөгө заманбап технологияларды трансферттөөнүн куралы болот деп күтүлүүдө. Өкмөттө IT-кызматтардын экспортун өнүктүрүү тууралуу айтылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 9 айында ал 26%га өскөн жана жылдын аягына чейин болжол менен 700 миллион долларды түзүшү мүмкүн. Жалпысынан акыркы 5 жылдын ичинде Казакстандын IT-кызматтарынын экспортунун көлөмү 20 эседен ашык өстү. Негизги максат 2026-жылга чейин бул көрсөткүчтү АКШ валютасында 1 миллиардга жеткирүү.  Ошол эле учурда Казакстанда IT хабдардын эл аралык тармагы түзүлүүдө, алар АКШда, Сауд Арабиясында, Сингапурда жана Улуу Британияда ачылган. Республика тиешелүү адистерди активдүү даярдап жатат, атайын билим берүү программалары ишке киргизилди, өлкөгө ири эл аралык IT-экспортчулар көчүп келүүдө. Тиешелүү башкармалыктын маалыматы боюнча, алдыңкы ТОПто мындай 10 ишкана бар.

Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмотук өнөржай министри:

- Негизги бөлүгү Казакстанга көчүү чечимин кабыл алган чет элдик компаниялар. Натыйжада, мамлекет ири шаарларда гана эмес, өлкөнүн аймактарында дагы жаңы жумуш орундарын түзөт. Ошондой эле экспорттук киреше түрүндө жаңы капиталдын агымын алат.  Чет элдик IT-адистерин тартуу үчүн “Digital Nomads” деп аталган жаңы Digital Nomad Visa жана Digital Nomad Residence программалары ишке киргизилди.

Конкреттүү кадамдар IT кызматтарынын жана өнүмдөрүнүн тышкы рынокторго чыгышына, ошондой эле аларды сатуунун өсүшүнө жардам бериши керек. Бул - аймактарда акселерация программаларын иштеп чыгуу, инвестор-өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле экспортко багытталган IT-компанияларды мамлекеттик колдоо. Премьер-министрдин айтымында, дал ушул ишке күч топтоо зарыл. Бул учурда венчурдук фонддор да, аймактык IT-хабтары да кыймылдаткыч күч болуп калышы керек. Олжас Бектенов борбордогу Astana Hub технопаркынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө токтолду.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Бул аянтчада бир жарым миңден ашык компания ийгиликтүү иштеп жатат. Астана ХАБтын катышуучуларына салык жана виза преференциялары берилген, бизнести өнүктүрүү үчүн маалыматтык-билим берүү программалары уюштурулган.Бул ишти улантуу керек. Ошондой эле Казакстандын аймактарында технологиялык ишкердикти жайылтууну активдештирүү жана аймактык IT хабдардын базасында биздин адистердин компетенциясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков