2023-жыл түрк дүйнөсүндө Темирбек Жүргеновдун жылы деп жарыяланды

Эмдиги жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Темирбек Жүргеновдун 125 жылдыгы, акын Музафар Алимбаевдин 100 жылдыгы, актриса Бикен Римованын 100 жылдык мааракеси ТҮРКСОЙ уюмунун деңгээлинде белгиленет. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезектеги жыйынында белгилүү болду. 2023-жыл түрк дүйнөсүндө Темирбек Жүргенов жылы деп жарыяланды. Казак маданиятына, адабиятына жана искусствосуна зор салым кошкон инсандын 125 жылдык мааракеси боордош түрк дүйнөсүндө кеңири белгиленет. Маданият жана спорт министрлиги ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттер менен ушундай келишимге келди.

Роза Карибжанова, Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрайымы:

Биз Казакстандын атынан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Темирбек Жүргеновдун 125 жылдыгын өткөрүү боюнча сунуш киргиздик. Мындан тышкары, актриса Бикен Римова менен жазуучу Музафар Алимбаевдин 100 жылдыгын түрк тилдүү мамлекеттерге кеңири жайылтуу боюнча сунушубузду бердик. ТҮРКСОЙдун туруктуу мүчөсү катары Казакстан көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келет.

Кийинки жыйында бүткүл түрк калкына тиешелүү бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды. Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун 30 жылдыгы дүйнөлүк деңгээлде белгиленип, бир нече багытта долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Азербайжандын Шуша шаары 2023-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп бекитилген.

Султан Раев, Эл аралык Түрксой уюмунун башкы катчысы:

Түрк дүйнөсүнө байланыштуу бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алдык. Түркмөнстандын Аннау шаары 2024-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды. Ошондой эле 2024-жылды түркмөн адабиятынын классиги, окумуштуу философ, Мактымкулы Фрагинин жылы деп бекиттик. Мындан тышкары, биз элдерибиздин материалдык эмес маданий мурасынын салттарын сактоого багытталган бир катар иштерди колго алып жатабыз.

Түрк боордоштордун башын бириктирген иш-чара Коркыт Атакинофестивалынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи менен аяктады. Фестивалга 300дөн ашык кино жылдыздары чогулду. Көрүүчүлөр «Дос-Мукасан», «Мукагали» биографиялык драмасын, «Улуу талаа таңы» жана «Ак үй» тарыхый тасмаларын, «Евразия өкүмдарлары» даректүү тасмасын, «Музбалак» анимациясын Казакстан менен Татарстан биргелешип чыгарган Тарлан картинасын көрүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков