Казакстанда чакан бизнес жигердүү боло баштады. 2022-жылдын 11 айында өлкөдө 496 миңден ашык ишкана катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5,4%га көп. Ишканалардын дээрлик жарымы Алматы, Астана жана Караганда облустарына таандык. Бардык активдүү чакан ишкердик субъекттеринин төрттөн бир бөлүгү соодада, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо тармагында иштейт. Ошол эле учурда алардын саны билим берүү, курулуш, кесиптик, илимий жана техникалык тейлөө тармактарында да кыйла көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков