Беш жарым миллиондон ашык казакстандыктар АЭСтин курулушун колдойт. Буга байланыштуу республикалык референдумдун акыркы жыйынтыктары жарыяланды. Жалпысынан өлкө боюнча референдумга катышууга укугу бар жарандардын 63% дан ашыгы тандоо жасады. 71% дан ашуун добуш Казакстанда АЭС курууну колдоду. Эскерте кетсек, референдумдун жүрүшүнө өлкөнүн активисттери менен катар 30 тышкы мамлекеттен 177байкоочу жана 4 эл аралык уюмдун өкүлдөрү, ошондой эле 200 чет элдик кабарчылар көз салышты.
Нурлан Абдиров, Борбордук референдум комиссиясынын төрагасы:
– Чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын байкоочуларынын баалоосуна ылайык референдум колдонуудагы улуттук мыйзамдарга жана Казакстан Республикасы тарабынан кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге ылайык, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен өткөрүлгөн жана жарандарды аң-сезимдүү тандоо үчүн максималдуу жагымдуу шарттар камсыз кылынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков