Өткөн жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөр эки эсеге көбөйөт. Бул тууралуу республиканын санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги бекиткен беш жылдык өнүктүрүү планында айтылат. Мекеменин болжолуна ылайык, көрсөткүчтүн максималдуу өсүшү 2023-2024-жылдары болот, андан кийин Казакстандан программалык камсыздоону жеткирүү жылына 210-240 миллиард теңге деңгээлинде турукташат. Муну менен катар 2023-жылы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы квалификациялуу адистердин саны дээрлик эки жарым эсеге көбөйөрү күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков