Сенат төрагасы: Референдум Президенттин саясатын колдоорун тастыктады

Сенат төрагасы: Референдум Президенттин саясатын колдоорун тастыктады

Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев өткөн республикалык референдумдун тарыхый маанисин белгиледи. Анын айтымында, добуш берүү өлкөнүн саясий модернизациясынын жана Президент Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик башкаруу системасын жаңыртуу демилгелерин ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп калды. Жогорку палатанын спикери казакстандыктардын активдүү катышуусу жана сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоосу — бул жогорку жарандык жоопкерчиликтин жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга болгон ишенимдин далили экенин баса белгиледи. Элдин түздөн-түз эркин билдирүүсүнүн негизинде негизги чечимдерди кабыл алуу, анын пикиринде, демократиялык институттарды бекемдейт жана мамлекетти башкарууда жарандардын ролун жогорулатат. Ошондой эле жаңы Конституция Казакстандын андан аркы социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүүсү үчүн заманбап укуктук негиз түзөрү белгиленди. Документ мамлекеттик институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга, парламенттик системаны өнүктүрүүгө жана адилеттүү мамлекеттин принциптерин бекемдөөгө багытталган. Маулен Ашимбаевдин айтымында, алдыда маанилүү милдет турат — жаңыланган Баш мыйзамдын жоболорунан келип чыккан мыйзамдарды өз убагында кабыл алууну камсыз кылуу.

Маулен Ашимбаев, парламент сенатынын төрагасы:

– Бул реформа президент Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчысы болуп шайлангандан бери системалуу түрдө жүргүзүп келе жаткан саясаттын ырааттуу уландысы болуп саналат. Бул чоң иштин натыйжасында Элдик Конституция кабыл алынууда. Алдыда жаңы Конституциядан келип чыккан мыйзамдарды өз убагында кабыл алуу милдети турат. Ошондуктан, биз мындан ары да Президентибизге, өлкөбүзгө жана мамлекетибизге бирге кызмат кылабыз деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков