Коло доорунан бери сакталып калган чырак, Алькей Маргуландын жез эритүүчү чөмүчү, өлкөдө эң алгач өндүрүлүп, тазаланбаган жез. Экспонаттар Казакстандагы тоо-кен тармагынын тарыхына арналган Борбордук Азияда теңдеши жок музейде сакталып турат. Андагы 21 миңден ашык экспонаттын басымдуу бөлүгү түп нуска калыбындагы уникалдуу дүйнөлөр. Ошондой эле, музейдин фондунда жыгачтан, металлдан, таштан, баалуу минералдардан жасалган экспонаттар, 1900-жылдардын башында англичандар темир жол менен алып келген бир нече оор станоктор да мында сакталуу. Анда Сарыарканы байыртадан бери мекендеген өлкөнүн материалдык жана өнөр жай маданияты, анын ичинде тоо-кен иши жана металл эритүү тарыхы хронологиялык система менен баяндалат.
Зейпин Казанбаева, музейдин мүдүрү:
- Тема боюнча материалдарды чогултууга аракет кылабыз. Ошону издейбиз. Негизинен металл эритүү ишин далилдеген тоо-кен маселесине басым жасайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков