Долбоордун алкагында «Достук» жана «Алтынкөл» чек ара жанындагы темир жол станцияларында жүк азайып, эки өлкөнүн жүк көтөрүмдүүлүгү 20 миллион тоннага көбөйөрү пландалууда. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы объектинин ачылышы узундугу 270 чакырымды түзгөн Бакты-Аягөз жаңы темир жол линиясынын курулушунун алкагында пландалууда. 2023-жылдын кулжа айына чейин техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгып, ал эми курулуш иштери 2024-2025-жылдарга пландаштырылган. Белгилей кетсек, өткөрүү пунктун жана темир жол линиясын куруунун жалпы баасы 32 миллиард теңгеден ашык каражатты түзөт. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы менен чек арага кургак порт жана логистикалык парк ачуу каралып жатат. Буга чейин мындай тапшырманы президент Касым-Жомарт Токаев берген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков