Кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү

Кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү

Казакстандык студенттер үчүн кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү. Петропавловск шаарындагы Түндүк Казакстан Аризона университетинин филиалына табигый илимдер, агротехнология жана IT багыттары боюнча алгачкы абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат. Белгилей кетсек, өткөн жылы эки билим берүү мекемеси менен өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлган. Кош дипломдук программага 500 грант бөлүндү.

«Козыбаев университети Аризона университети менен стратегиялык өнөктөштүктү сактап келет. Бул Казакстандык абитуриенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Биринчи кезекте - эл аралык үлгүдөгү кош диплом алуу, суроо-талап жогору кесипти өздөштүрүү. Мындан тышкары, Казакстан жана АКШдан келген алдыңкы профессорлор казак, орус жана англис тилдеринде өтүүчү сабактарга катышууга мүмкүнчүлүк бар. Ошол эле учурда, билим берүү гранттык негизде жүргүзүлөт, башкача айтканда, кабыл алынган студенттер үчүн, анын ичинде акыркы семестрде Аризонада окуу акысыз болот», - деп билдирди аталган университеттин стратегиялык демилгелер боюнча мүдүрү Рики Салазар.

Ошондой эле, документтерди тапшыруу жараяны жөнөкөйлөштүрүлгөн. Арыз берүүчүлөргө ыңгайлуу болуусу үчүн онлайн жана оффлайн режиминде жүзөгө ашырылат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков