Казакстан эң дымактуу долбоор – айга жакын биринчи
телескопту жасоого киришти. Аны куруу үчүн үч жыл убакыт керек, дейт
окумуштуулар. Азырынча дизайн иштеп чыгуу, өлчөмүн белгилөө, келечектеги
телескоп жасала турган материалды тандоо сыяктуу жумуштун баштапкы баскычы
талкууланууда. Долбоорду астрофизикалык изилдөөлөр институту менен Ghalam
компаниясы ишке ашырат. Белгилей кетсек, ата мекендик телескоп орбитаны жана
кагылышуу коркунучун байкай алат. Кытай өлкөсү менен биргелешкен долбоорду ишке
киргизүү 2030-жылга пландаштырылган.
Рашит Валиуллин, «В.Г. Фасенкова атындагы астрофизикалык
институту илимий-изилдөө институту мүдүрүнүн орун басары:
- Бул Кытай өлкөсү менен биргелешкен долбоор, алардын ташуучусунда кошумча жүк катары биздин телескоп жайгашышы мүмкүн, адатта эл аралык тажрыйбада иш ушундай жүзөгө ашырылат. Телескопту жердин тегерегиндеги орбитага гана эмес, айдын тегерегиндеги орбитага жиберүү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

