Мамлекет башчы администрация башчысынын биринчи орун басары Тимур Сулейменовдун жетекчилиги астында борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын кышкы жылытуу мезгилине даярдыгын текшерүү боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Комиссиянын курамына Башкы прокуратуранын, Жогорку Эсептөө палатасынын, Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Президент конкреттүү корутундуларды жана сунуштарды берүү менен он күндүн ичинде ишти бүтүрүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков