Казакстанда бир эле убакта эки чет элдик техникалык университеттин филиалдары ачылышы мүмкүн. Бул орус жана британ университеттеринин өкүлчүлүктөрү болот. Акыркысы «Астана» эл аралык каржы борборунун аянтчасында пайда болот деп мерчемделүүдө. Кадрлар артыкчылыктуу багыттар боюнча, ошондой эле, өлкөнүн экономикасынын керектөөлөрүн эске алуу менен даярдалат. Өз кезегинде Казакстан керектүү жардам көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле, аяк оона айынан баштап Түндүк Казакстан университетинде Аризона Жогорку Окуу жайынын филиалы ачыла турганы белгилүү болду. Белгилей кетсек, президент Касым-Жомарт Токаев 2025-жылга чейин өлкөдө беделдүү чет элдик университеттердин бештен кем эмес өкүлчүлүгүн ачууну тапшырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков