Астанада Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери алты тараптуу форматта кызматташуунун келечегин талкуулашты. Борбор Азия-Орусия саммитинде Касым-Жомарт Токаев аймак дүйнөдөгү ири рыноктордун ортосундагы маанилүү звено экенин белгиледи. Эми транспорттук жана транзиттик каттамдарды өнүктүрүүгө көңүл буруу маанилүү. Бул Чыгыш Азиядан Перс булуңунун өлкөлөрүнө эң кыска жолду ачкан Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу түрдө пайдаланууну камтыйт. Мамлекет башчысы, аймактар аралык сооданын мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүнө жана өлкөлөр ортосундагы сооданы кеңейтүүгө өзүнчө токтолду. Акыркысы өткөн жылы 6 миллиард доллардан ашкан. Ал эми бул мамлекеттердин биргелешкен аракетинин натыйжасы. Мындан тышкары Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия республикалары менен Орусиянын ортосундагы экономикалык кызматташтык механизмин өркүндөтүү зарылдыгын билдирди. Ал өнөктөштүктүн жаңы моделин иштеп чыгууну жана кабыл алууну сунуштады. Чакан жана орто бизнести колдоо чараларына, энергетика, өнөр жай, транспорт-логистика, айыл чарба тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасоо керектиги айтылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков