Борбордук Азия мамлекеттери ортосунда туризм тармагындагы өнөктөштүк бекемдейт

Борбордук Азия мамлекеттери ортосунда туризм тармагындагы өнөктөштүк бекемдейт

Түркестандан Самарканд аркылуу Бухарага каттам эң популярдуу туристтик маршруттардын бири болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынында айтылды. Иш-чара тармакты өнүктүрүүгө арналды. Адистердин айтымында, Борбор Азиянын байыркы шаарлары жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат. Андыктан бул жаатта түрк мамлекеттеринин кызматташтыгын кеңейтүү мерчеми бар.

Рашид Аюпов, Түркестан облусунун акиминин орун басары:

- Биз өзбекстандык ишкерлер менен макулдашып, күнүнө бирден автобус чыгаруу мүмкүндүгү тууралуу айтып, меморандумга кол койдук. Алар жалган куран айынан тарта Казакстан менен Түркестанга туристтерди алып келишет. Учак былтыртан бери Ташкент менен Түрекстандын ортосунда уча баштаган. Билеттердин 80-90 пайызы сатылып жатат. Азыр Өзбекстандан келген туристтердин саны көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков