Өзгөнү да өзүңдөй көрүп, сунуштар жана чечимдер аркылуу азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүүдө муктаж болгон өлкөлөргө жардам бериңиз. Бул Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмуна мүчө өлкөлөрдүн негизги милдети. Мындай пикирлерин Тунисте 5-Генералдык ассамблеясынын катышуучулары айтышты. Айта кетсек, уюмду түзүүгө Казакстан түрткү болгон. Бүгүнкү күндө анын курамына 37 мамлекет кирет. Алардын баары Казакстан менен биргеликте 5 негизги багыт боюнча муктаж өлкөлөрдү колдоодо. Бул башкаруу процессине колдоо көрсөтүү, азык-түлүк каатчылыгын башкарууга жардам берүү, өлкөнүн потенциалын жогорулатуу, өнөр жайды өнүктүрүү жана каражаттарды мобилизациялоо болуп саналат. Серепчилердин айтымында, бул гуманитардык бирикме эмес, белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болгон мүчөлөрүнүн инфраструктуралык жана айыл чарба тармагын экономикалык жактан жөнгө салууга багытталган программалык уюм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков