Казакстандык студенттер AMAZON компаниясында иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты

Казакстандык студенттер AMAZON компаниясында иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Алар 10 жума бою OpenSearch долбоорунда виртуалдык маалымат репозиторийлеринин кеңири багыты боюнча баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды онлайн киргизишет. Окутуунун экинчи деңгээли Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен америкалык корпорация ортосунда кол коюлган меморандумдун алкагында өтөт. Насаатчылыкты тажрыйбалуу Amazon инженерлери камсыздайт. Практиканын аягында казакстандык студенттерге чет элдик адистер өз сунуштарын айтып, өз ара пикир алмашат.

 Улан Несипкалиев, Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги департаменти мүдүрүнүн орун басары:
-
Ушул жылдын жалган куран айынан бери иштеп келе жатат. Казакстандан 400гө жакын студенттер катышып, абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү, натыйжада Amazon жетекчилиги абдан жакшы жыйынтыктарга ыраазы болуп, бул программаны быйыл дагы улантып жатат. Ал тургай кээ бирлери Amazon компаниясына иштөөгө чакыруу алды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков