Казакстан айыл чарба өнүмдөрүнүн беш түрүн импорттоодон баш тартышы мүмкүн. Анын ичинде быштак, канаттуулардын эти, колбаса азыктары, балык жана кант. Бул тууралуу Сенатта тармактык мекеменин башчысы Айдарбек Сапаров билдирди. Мындан тышкары, өлкө агроөнүмдөрдүн бардык негизги түрлөрү боюнча өзүн өзү өндүрүү менен камсыз кылат. Жалпысынан Казакстан азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөнү максат кылууда. Министрлик бул маселени инвест долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен чечүүнү көздөп жатат. 2027–жылга чейин 780 өндүрүштү 2 триллион 300 миллиард теңгеге ишке киргизүү пландалууда. Анын ичинде импортко көз каранды товарлар боюнча 855 миллиард теңгелик 170 долбоор. Аларга кытай инвесторлору чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат. Министрликтин маалыматы боюнча, алардын капиталдык салымдарынын эсебинен жаңы кант заводун куруу болжолдонууда. Республикада 4 даана кубаттуулуктагы завод түшүмдү кайра иштетүү үчүн жетишсиз. Быйыл рекорддук көрсөткүч болду. Буга өз убагында каржылоо жана новатордук технологияларды колдонуунун аркасында жетишилди.
Айдарбек Сапаров, айыл чарба миинстри:
- Эгемендик жылдары орто эсеп менен 600 миң тонна гана түшүм жыйналса,
быйыл жыйналган кызылчанын көлөмү 2 эсе көп. Башкача айтканда, биз 1 миллион
200 миң тонна алдык. Бул оң тенденция агротехнологиянын сакталышына, жер
семирткичтерге бөлүнгөн каржылоонун аркасында жетишилгенин билебиз. Көптөгөн
дыйкандар тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүп, бүгүнкү күндө жакшы көрсөткүчтөргө
жетишти.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

