Түндүк Европанын бир катар мамлекеттеринде Куранды өрттөө аракеттери кабыл
алынгыс провокация болуп саналат. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, алар азыркы
дүйнөдөгү чыңалууну күчөтүүгө жана элдер менен мамлекеттердин ортосундагы
ишенимди бузууга багытталган. Казакстандын президентинин айтымында, диний
вандализм фактыларынын көбөйүшү жана тиешелүү мамлекеттердин жарандарынын
жоопкерчиликсиз жүрүм-туруму мамлекеттер менен диндердин цивилизациялуу жанаша
жашоосунун жалпы таанылган нормаларына каршы келген аракеттер катары айыпталышы
керек. Белгилей
кетсек, бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясы резолюция кабыл алып, анда ыйык
китептерди мазактоо катуу айыпталып, эл аралык укуктун бузулушу катары каралат.
Эске
салсак, Казакстан конфессиялар аралык ынтымактын жана толеранттуулуктун
дүйнөлүк борбору. Бул өлкөгө Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин
курултайын өткөрүү демилгесин көтөрүүгө мүмкүндүк берди. Форум ар түрдүү
конфессиялардын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн ортосундагы эффективдүү жана жемиштүү
диалог үчүн абройлуу аянтча болуп калды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков