«Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору». Түркестанга өзгөчө макам
берилиши мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун Парламент Мажилисинин кароосуна
киргизүү тууралуу токтомго премьер-министр Олжас Бектенов кол койду. Документ
Түркестан өлкөнүн руханий, маданий жана тарыхый борбору катары калыптанышынын
жана өнүгүшүнүн укуктук негиздерин, ошондой эле анын мамлекеттик маанисин
таанууну белгилейт. Тарыхы терең шаарга өзгөчө макам берүү менен бийлик бир
нече максаттарды көздөп жатат. Биринчи кезекте Түркестанды руханий-маданий, тарыхый
жана туристтик борбор катары өнүктүрүү. Ал үчүн шаардагы негизги туристтик
объектилерди, анын ичинде Кожа Ахмет Ясави күмбөзүн дүйнөлүк мурас катары коргоо
маселеси негизги көңүл борборунда болот. Бул үчүн күмбөздүн жанына бөтөн
курулуштарга жол бербөө каралат. Мындан тышкары, эстеликтердин бүтүндүгүн, түп
нускалуулугун жана баалуулугун келечек муундар үчүн сактап калуу максатында Түркестан
шаарынын археологиялык эстеликтеринин резерваты түзүлөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков