Казакстандык окуучу кыз социалдык тармактарда желимден
жасалган айкелдер аркылуу популярдуу болду. Геральд Ваакстын уникалдуу өнөрү
жарыяланган жеке баракчасында учурда 50 миңге жакын окурман жазылган. Социалдык
тармактарда уулунун өнөрүн жайылтып жүргөн Елизавета Ваакс чыгармаларына
суктанган Казакстан менен Орусиянын жарандарынан көп буйрутмалар түшүп жатканын
айтат.
Елизавета Ваакс, Геральд Ваакстын апасы:
- Жарым жыл мурун биз Геральддын ишин социалдык
тармактарда үзгүлтүккө учуратпай чагылдыра баштадык. Окурмандардын саны артып
келүүдө. Рилстардын кароосу кескин көбөйүп, биздин баракчага жазылгандардын
саны көбөйдү. Негизинен Орусиянын жана Казакстандын жарандары. Алыскы чет
өлкөлөрдөн киргендер да бар. Алар чыгармачылыгына суктанып, көптөгөн тилдерде комментарий
калтырышууда.
Геральд Ваакс туура 10 жылдан бери, башкача айтканда, 3
жашынан баштап пластилинге кызыгат. Жаш кезинен эле сүйүктүү жомоктордун
каармандары жана анимациялык фильмдердин каармандарын дал өзүндөй кылып жасайт.
Кээ бирлерин өз алдынча өзгөртүп, фантазиясында желмогуздарды кураштырат.
Оригиналдуу чыгармалары үчүн окуяларды ойлоп табат. Борбор калаалык чебер акыркы
убакта улуу талаа уламыштарын жандандырууга басым жасаган. Өзүнүн уникалдуу
өнөрүндө улуттук маданиятка да орун тапкан.
Геральд Ваак, жаш айкелчи:
- Улуттук стилде жакында Абайдын образын, ошондой эле
космонавтика күнүнө карата казакстандык космонавттын образын жараттым. Азыр мен
Байтерек эстелигин жасагым келет. Бул эмгекте уникалдуу архитектуралык
комплекстин негизинде Самрук кушу конгон Өмүр дарагы тууралуу байыркы уламышты
толук жаңырткым келет. Эмгегимди дал өзүндөй жасап чыгаруу үчүн анын тарыхын
тереңирээк изилдешим керек.
Ошондой эле, жаш чебер гипстен да айкел жасоо өнөрүн
өздөштүргөн. Келечекте бул иш менен кесипкөй деңгээлде алектенгиси келет. Өткөн
жылы Казак Улуттук искусство университетинин көркөм сүрөт мектебине тапшырган. Жакынкы
арада социалдык тармактарда башкаларга бул багытта үйрөнгөндөрүн жеткирүү үчүн
онлайн окуу курстарын уюштурууну көздөп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

