Казакстандык тасмалар Европада

Казакстандык тасмалар Европада

Буга 73-Эл аралык «Берлинале» кинофестивалы өбөлгө түзөт. Өлкөнүн Шакен Айманов атындагы «Казакфильм» киностудиясы жыл сайын дүйнөнүн булуң-бурчунан кинематографисттер, продюсерлор жана дистрибьюторлор, жаңы көрүүчүлөр жана өнөктөштөр чогулган Евробиримдиктин эң ири аянтчаларынын биринен табылды. Негизги максат ата мекендик кино өндүрүшүнүн өнүмдөрүн эски континенттин коомчулугуна сунуштоо. Бул жаатта Акан Сатаевдин «Улуу Талаа таңы», Болат Калымбетовдун «Мукагали», Дарежан Омирбаевдин «Акын» фильмдери бар. Жалпысынан «Казакфильмдин» фондусунда 800дөн ашык киноленталар топтолгон. Бул толук жана кыска метраждуу картиналар жана анимациялар.

Лаура Сабанбаева, Ш. Айманов атындагы «Казакфильм» АК дистрибуция бөлүмүнүн башчысы:

- «Казакфильмдин» европалык кино рыногуна катышуусу стратегиялык маанидеги чечим. Бул глобалдык пандемиядан кийинки биринчи жана эң ири оффлайн окуясы. «Казакфильм» – бул өз ишин илгерилетүү, ал жөнүндө айтып эле тим болбостон, аны коомчулукка кеңири көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана оригиналдуу өнүмдөрдү сатуу үчүн дараметтүү өнөктөштөрдү табууга боло турган алгачкы чоң аянтча. Суроо-талап бар. Учурда Европа Биримдиги, Германия жана Италия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Латын Америкасы менен да байланыш түзгүбүз келет.

Айжан Касымбекова, Ш. Айманов атындагы «Казакфильм» АК эл аралык бөлүмүнүн менеджери:

- Биз «А» классындагы ири фестивалдарга гана эмес, режиссёрлорго өз тасмаларын көрсөтүүгө мүмкүндүк берген кино конкурстарына да катышууга аракет кылабыз. Маселен, биз бул мелдеште Котбус фестивалы менен абдан жемиштүү жолугушуу өткөрдүк. Бул өлкөдөгү эң чоң киноконкурс, Берлиналеден кийинки экинчи орунда. Быйыл алар Казакстанга кызыгып жатышат. Бул ата мекендик киноиндустриянын адистери үчүн чоң жаңылык. Бул бүткүл мамлекетибиз үчүн чоң сыймык. Албетте, ага «Казакфильм» менен катар жаш режиссерлор да катышат. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков