Бул майрам беш миң жылдан бери белгиленип келет. Аны тастыктаган тарыхый күбөлүк Казакстандын аймагынан табылды. Белгилүү этнолог Серик Ергалинин айтымында, «Аңыракай» кырка тоосунан табылган ташка чегилген сүрөттө «аңир» менен «таңир», тагырак айтканда күн менен түндүн теңелген учуру чагылдырылган. Окумуштуу бул коло дооруна таандык экспонат экендигин айтат.
Серик Ергали, маданият таануучу, этнолог:
Күн менен түн колдорун жайып бири-бирин карап турушат. Ортосунда уй турат. Уйдун төрт мезгили болот эмесби. Алгач музоо, торпок, семиз бука, картайган уй түнгө карап оттоп жүрөт. Мында жылдын төрт мезгили бар. Буга кошумча 12 мүчөлүү ай 12 жаныбар адам турпатында бийлеп жатат. Бирок ар кайсынысынын образы ар башка. Мындай убакыттын, жаңы жылдын паспорту дүйнө жүзүндө эч бир мамлекетте жок.
Улустун Улуу күнү – бүткүл адамзаттын жалпы майрамы. Себеби, бир катар илимпоздор Нооруз майрамынын тарыхы Нух пайгамбардын доорунан башталат деген ырааттуу болжолдоо айтышат. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттер жаратылыштын жаңыланышын майрамдап келишет. Алардын ар бири өз маданиятына ыңгайлаштыруу үчүн кандайдыр бир салт-санаасынан ажырап калгандай. Тамыры терең байыркы майрам негизинен түрк элдеринде кездешет. Аны Батыштын легендарлуу байыркы ойчулдары жазып калтырган.
Арман Курмангалиев, Улуттук музейдин илимий кызматкери:
Жаңылбасам, байыркы грек тарыхчысы Кивент Руфтун «Александрдын жортуулунда» эмгегинде ушул Нооруз майрамы тууралуу жакшы баяндама берген. Башкача айтканда, Каган комплексине күн түрүндөгү желек орнотулган. 365 бала чыгып, санжыра айтып, 365 күү чертет. Тогуз айдын маани-маңызын түшүндүрүп кеткен. Чокуга чыгып ак чачкан, бул деген молчулук болсун деген маанини түшүндүргөн.
Бүгүнкү күндө бул майрамды Орто Азия, Балкан жарым аралы, Кара деңиз, Кавказ, Жакынкы Чыгыш элдери үзгүлтүксүз майрамдап келишет. БУУнун маалыматы боюнча, Ноорузду дүйнөнүн 30 өлкөсүндө 300 миллиондон ашык адам белгилейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков