Казакстанда улуттук статистика жүргүзүүнү реформалоо чаралары көрүлүүдө

Казакстанда улуттук статистика жүргүзүүнү реформалоо чаралары көрүлүүдө

Казакстанда мамлекеттик статистиканын жана институционалдык көз караштан маалыматтарды башкаруунун негиздерин чыңдоо боюнча иш-чаралар системалуу түрдө жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү мекеме башчысы Жандос Шаймарданов мамлекет башчыга дүйнөлүк жана улуттук экономикадагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана учурдагы тенденциялар тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, структуралык реформаларды андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштар тааныштырылды. Агенттик төрагасынын айтымында, ушул жылдын аягына чейин тогуз мамлекеттик органдын маалымат базасынын сапатына баа берүү мерчемделип жатат.

Жандос Шаймарданов, стратегиялык пландоо жана реформалоо агенттигинин төрагасы:

-Жакында эле парламент депутаттарынын колдоосу менен мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, бюрого административдик маалыматтардын сапатын баалоо укугу берилди. Бул институттук өзгөртүүлөр сапат стандарттарын жана маалыматтарды башкаруунун эл аралык методологиясын башка мамлекеттик органдарга жайылтууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, ушул жылдын аягына чейин мекеме статистикалык иштердин 3 жылдык планына өтөт. Анын алкагында жаңы маалымат булактары аныкталат. Башталган реформалар статистикалык отчёттуулукту эки эсеге кыскартып, маалымат базасына жана расмий статистикага болгон ишенимди жогорулатат деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков