Мамлекеттик кеңешчи: Казакстандагы саясий күн тартибин реформа вектору аныктайт

Мамлекеттик кеңешчи: Казакстандагы саясий күн тартибин реформа вектору аныктайт

Бул тууралуу Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин билдирди. Ал өзүнүн Telegram-каналында пикири менен бөлүшүп, бул биринчи кезекте өлкөнүн Конституциясын жаңыртуу боюнча республикалык референдумдун жыйынтыктарын ишке ашырууну улантууга тиешелүү экенин белгилеген.

Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:

- Жаңы жылдан тарта таптакыр жаңы институт – Конституциялык сот өз ишин баштайт. Ал Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу жана Башкы прокуратуранын жаңы конституциялык макамы менен калктын социалдык аялуу катмарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жаңы кызмат ордун түзүү менен катар жарандардын негизги укуктарын коргоо тутумун бириктирет. Ошондой эле, шайлоо мыйзамдарына жана шайлоо системасына бир катар жаңы өзгөртүүлөр үчтүн айынын 1нен тарта күчүнө кирет. Бир мандаттуу округдарды жана тиешелүү шайлоо комиссияларын түзүү жараяны башталганы турат. Эми аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын туруктуу кесипкөй негизде ишке ашырышат. Бул шайлоо процедураларынын сапатын жакшыртат.

Буга кошумча, мамлекеттик кеңешчи шайлоонун жаңы цикли улана турганын белгиледи. Сенаттын депутаттарын шайлоо үчтүн айынын 14дө өтөт. Ошону менен бирге биринчи жарым жылдыкта бардык деңгээлдеги мажилистин жана маслихаттын депутаттарын кезексиз шайлоо өткөрүлөт. Алдыдагы шайлоо өнөктүгү жаңы эрежелер боюнча өтө турганын Ерлан Карин кошумчалады. Мындан сырткары, 2023-жылдан тарта райондук жана облустук маанидеги шаарлардын акимдерин түз шайлоо пилоттук режимде уюштурулат. Айыл өкмөт башчыларынын корпусун жаңылоо улантылат. Бул шайлоо миңден ашык калктуу-конуштарды камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков