Казакстан менен Финляндиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Финляндиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Финляндиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүүдө кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Сүйлөшүү фин тараптын демилгеси менен өттү. Касым-Жомарт Токаев жана Александр Стубб ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча да пикир алмашышты. Сүйлөшүүнүн соңунда Мамлекет башчысы Финляндиянын Президентин жана Элин алдыдагы эгемендүүлүк Күнү менен куттуктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков