Казакстан Борбор Азия өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө. Мында экспорт жана импорт жөнүндө гана эмес, товарларды биргелешип өндүрүү жөнүндө да сөз болуп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн соода жана интеграция министри Бахыт Султанов борбордук кеңеште өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан соода мамилелеринде республиканын негизги өнөктөштөрү бойдон калууда. Мисалы, өткөн жылы эле аталган өлкөлөр менен соода алмашуу көлөмү 4 миллиард 600 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул жерде Казакстан наркы 2 миллиард доллардан ашкан ата мекендик өнүмдөрүнүн көпчүлүгүн коңшулаш Өзбекстанга экспорттойт. Импорт боюнча айта турган болсок, коңшу мамлекеттер негизинен текстиль, курулуш материалдары жана мезгилдүү мөмө-жемиш азыктарын жеткиришет.
Бахыт Султанов, РКнын соода жана интеграция министри:
- Эгерде соода жүгүртүү жөнүндө айта турган болсок, анда ал позитивдүү жагдайда. Негизги өнүмдөр: буудай, ун, май, мунай зат, металлдар жана металлдан жасалган буюмдар. Соода кызматташтыгы боюнча келишимдерибиздин алкагында бизде унаа жасоо өнүмдөрү дагы болушу абдан маанилүү. Тажикстанга болжол менен 800 миллион доллар жеткиребиз. Негизги өнүмдөр - ошол эле буудай, мунай зат, жаратылыш газы, көмүр. Ал эми биз Кыргызстанга 562 миллион долларлык жогоруда аталган өнүмдөрдү жеткиребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков