Касым-Жомарт Токаев Европа кеңешинин төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Касым-Жомарт Токаев Европа кеңешинин төрагасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу, жашыл экономиканы өнүктүрүү, транспорт жана логистика. Бул маселелерди Касым-Жомарт Токаев менен Еврокеңештин президенти талкуулашты. Шарль Мишель Казакстанга расмий сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евробиримдик менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү ар дайым биздин республиканын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп келгендигин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

Сиздин Казакстанга болгон расмий сапарыңыз биздин мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга эки тараптын тең кызыкчылыгынын дагы бир далили болуп саналат. Казакстан Европа Биримдиги менен Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол койгон Борбор Азиядагы биринчи жана жалгыз өлкө болду. Жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз байланыштар Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы ар тараптуу диалогду өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү бекемдейт.

Өз кезегинде Еврокеңештин төрагасы Казакстан менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Шарль Мишель, Европа кеңешинин төрагасы:

Алгач Брюсселде таанышып, андан бери тыгыз байланышта болуп, ар кайсы тармактарда иштешип калдык. Аймактык деңгээлдеги биргелешкен иштердин маанилүүлүгүн белгилейм. Кызматташтыгыбыздын актуалдуу маселелерин, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо максатында Cиз менен жолугуп жатканыма кубанычтамын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков