Инвестициялык долбоорлор

Инвестициялык долбоорлор

Триллион теңгеге жакын инвестиция. Быйыл Актөбе облусуна ушундай суммада каражат тартылат. Жыл аягына чейин облуста 30 инвестициялык долбоор ишке ашып, миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөөрү пландалууда. Ошентип, жакынкы жылдарда инвестициянын масштабын беш жарым триллион теңгеге чейин көбөйтүү көздөлгөн.

«Актөбе» индустриялдык зонасынын аймагында химия өнөр жайы, курулуш материалдарынын өндүрүү, дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана кийим тигүү тармагында иштеген 12 ишкана колдонууга берилди. Атайын экономикалык аймак 2017-жылдан бери иштеп келе жатат жана бүгүнкү күнгө чейин 28 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылган.

Учурда аймакта экинчи чийки затты кайра иштетүүчү жана даяр кагаз өнүмдөрүн чыгаруучу завод долбоордук кубаттуулукка жетти. Бул жерде жыл сайын жыйырма миллиондон ашык даараткана кагазы, ошондой эле кагаз сүлгүлөр менен кагаз майлыктар чыгарылат. Ишканада макулатураны сорттоо жана сактоочу кампа бар. Эми компания Казакстанда буга чейин болбогон жаңы цех курууну пландап жатат.

Аслан Шойбеков, компания мүдүрү:

Биз целлюлоза өндүрүү менен алектенүүнү пландап жатабыз, бизнес-план, экономикалык эсептөөлөр Социалдык ишкердик корпорациясына сунушталды. Учурда каралып жатат. Эгерде комиссия жактырса, келерки жылдын күз айларына чейин жаңы долбоорду баштасак болот.

«Актөбе» өнөр жай аймагында 24 долбоор ишке ашырылып, 155 гектар аянттын жарымынан көбү өздөштүрүлгөн. Инвестицияларды тартуунун негизги артыкчылыгы - даяр инфраструктура жана энергетикалык ресурстарга болгон төмөн тарифтер.  «Актөбе» социалдык-ишкана корпорациясы тарабынан резиденттерди толук камсыз кылуу – арыз түшкөн күндөн баштап имаратты пайдаланууга берүүгө чейин жүзөгө ашырылат.

Сауле Нуртаев, «Актөбе» социалдык-ишкана корпорациясынын активдер жана инвестициялар департаментинин мүдүрү:

«Актөбе» социалдык-ишкана корпорациясына алты жаңы ишканадан өтүнмөлөр келип түштү. Анын ичинде айыл чарба жер семирткичтерин, силикат кирпичтерин, карапа мештери, санитардык-гигиеналык каражаттар, ошондой эле мунай-химия өндүрүшү бар. Алар жалпысынан 97 гектар жерди талап кылат. Ошондуктан бул жерде өнөр жай аймагын кеңейтүү жөнүндө сөз болуп жатат.

Алдыдагы убакытта мунай-химиялык реагенттерди чыгаруучу уникалдуу завод ачылат. Өнүмдүн биринчи партиясын келерки жылдын башында кабыл алуу пландаштырылууда. Жалпысынан 2025-жылга чейин Актөбе облусуна беш жарым триллион теңгедей инвестиция тартуу мерчемделүүдө. Үстүбүздөгү жылы аталган сумманын 933 миллиард теңгеси жумшалды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков