Кашагандын өндүрүш дарамети суткасына 1,6 миллион баррель мунайга жетиши мүмкүн. Бул жылына 75 миллион тоннага жакынды түзөт. Мындай божомол пикирлери менен серепчилер бөлүштү. Алихан Смаилов республика өкмөтүнүн алдында өнүм чыгарууну мындан ары да көбөйтүү боюнча маанилүү милдет турганын белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы Каспий деңизинин Казакстандык бөлүгүн өздөштүрүүнүн 30 жылдыгына арналган салтанатка катышып, сөз сүйлөдү. Белгилей кетсек, кен жайында мунайдын жана газдын эбегейсиз корлору бар. Азыр мында 90 миллион тоннага жакын мунай жана 55 миллиард кубометр газ өндүрүлдү. 60 миллиарддан ашык инвестиция тартылып, жергиликтүү камтууну өнүктүрүүгө 17 миллиарддан ашык каржы жумшалды.
Алихан Смаилов, Казакстандын
Премьер-министри:
-Түндүк Каспий долбоорунун оператору – North Caspian Operating Company консорциумунун алдында өндүрүштү мындан ары жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттер турат. Кен жайында газды кайра иштетүү кубаттуулугун өнүктүрүү да өтө маанилүү маселе. Бул боюнча мамлекет башчы Өкмөткө тиешелүү тапшырма бергени белгилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков