ОПЕК+ мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу тууралуу чечим

ОПЕК+ мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу тууралуу чечим

ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнү суткасына 2 миллион баррелге чейин кыскартуу боюнча тогуздун айындагы чечимин өзгөртүүсүз калтырышты. Ошондой эле, эл аралык уюм муктаждык болсо рыноктун шартына жараша суроо-талап менен сунушту жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө даяр экенин билдирди. Ал эми ОПЕК+ өлкөлөрүнүн кийинки жолугушуусу 2023-жылдын кулжа айынын 4нө белгиленген. Бул тууралуу мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн ассоциациясынын расмий сайтында жарыяланды. Белгилей кетсек, 2020-жылдын бугу айынан бери дүйнөдө мунай өндүрүүнү кыскартуу чаралары тынымсыз жүргүзүлүп келет. Бул мезгилден бери кара алтын өндүрүүчүлөр мунай өндүрүүнү суткасына 9,7 миллион баррелге чейин кыскартты. Буга пандемия да өз таасирин тийгизди. 2022-жылы альянс өндүрүштү бир аз көбөйткөнү менен жетинин айынан баштап кайра суткасына 2 миллион баррелге чейин кыскартууга аргасыз болду. Ал эми Казакстанга келсек, эл аралык келишимдин алкагында өлкө мунай өндүрүүнү суткасына 78 миң баррелге азайтат. Энергетика министрлигинин планына ылайык, Казакстан 2023-жылы 92 миллион тонна мунай өндүрүүнү көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков