«Өзбекстан-Казакстан» IV аймактык форуму

«Өзбекстан-Казакстан» IV аймактык форуму

Казакстан менен Өзбекстан жалпы суммасы 352 миллион доллардан ашкан 76 документке кол коюшту. Жаңы келишимдер Самарканддагы тараптардын аймактар аралык кызматташтык боюнча форум алкагында түзүлдү. Бул катарда жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну тездетүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы бар. Анда энергетика, тоо-кен жана геология боюнча биргелешкен долбоорлор камтылган. Ошондой эле жыйында 74 биргелешкен долбоор жактырылып, АКШ валютасындагы инвестициянын көлөмү 3,4 млрд долларды түздү. Анын алкагында Казакстанда 65 ишкана ачылат. Алыскы аймактардын дараметин жогорулатууда транспорттук-логистикалык байланыштарды бекемдөө маанилүү. Азыр Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 50 пайыздан ашыгы Казакстан аркылуу транзит менен өтөт. 18 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу транспорттун ар кандай түрлөрү менен жөнгө салынат. Натыйжада, ушул жылдын 8 айында өз ара соода көлөмү 2 жарым миллиард долларга жетти. Казакстан коңшу өлкөнүн базарына кошумча наркы жогору өнүмдөрдүн 40 түрү боюнча 550 миллион доллардын экспорттук жеткирүүлөрүн арттырууга даяр.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Буга, биринчи кезекте, мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиеевдин ортосундагы ишенимдүү саясий диалог өбөлгө түзөт. Азыркы учурда биздин алдыбызда товар жүгүртүүнү 10 млрд долларга чейин көбөйтүү боюнча масштабдуу милдет турат. Бул жагынан региондор аралык мамилелердин ролу өзгөчө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков