Казакстанда орто билим берүү системасына жасалма интеллект акырындык менен
киргизилип жатат. Президенттин тапшырмасы боюнча 2029-жылга чейинки комплекстүү
план иштелип чыкты. Үч жылдын ичинде пилоттук долбоорго катышуу үчүн өлкө
боюнча 500 мектеп тандалып алынды. Биринчи этап аяк оона айынын 1де Кызылорда жана Павлодар облустарынын окуу жайларында башталат - AI
чечимдери математика, санариптик сабаттуулук жана эне тили сабактарында
сыналат. Ошондой эле өлкөдө жекелештирилген окутуу жана окуучулардын
маалыматтарын кошумча коргоо механизмдери менен улуттук AI платформасы түзүлөт.
350 миң мугалим санариптик технологияларды колдонуу боюнча, анын ичинде билим
берүү процессине AI-ассистенттерин киргизүү боюнча курстардан өтүштү. Жайкы
каникул аяктаганга чейин Казакстанда жаңы Конституцияны изилдөө боюнча окуу
программалары дагы иштелип чыгат. Мындай тапшырманы Өкмөттүн жыйынында
Премьер-министр Олжас Бектенов айтты.
Олжас Бектенов,
Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
– Балдар жана өспүрүмдөр менен тарбиялык иштерди жүргүзүү өзгөчө мааниге
ээ. Жайкы мезгил аралыгында билим берүү процессинде жаңы
Конституцияны жана жасалма интеллекттин негиздерин практикалык түрдө үйрөнүү
үчүн бардык окуу программаларын жана методикалык сунуштарды иштеп чыгуу зарыл.
Белгилей кетсек, Казакстанда окуу жылын дээрлик 4 миллион окуучу аяктады.
Өкмөттө быйыл өлкөдө алардын жайкы эс алуусу кандай уюштуруларын айтып беришти.
Бул үчүн 11 миңден ашык балдар борборлору жана лагерлери, анын ичинде мектеп
жанындагы, шаар сыртындагы жана жыл бою иштеген лагерлер кабыл алат. Каникул учурунда балдар музейлерге,
театрларга, китепканаларга жана маданий борборлорго акысыз бара алышат. Олжас
Бектенов алардын тизмесин кеңейтүүнү тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

