Бөкөндөрдүн санын жөнгө салуунун жаңы ыкмалары каралат

Бөкөндөрдүн санын жөнгө салуунун жаңы ыкмалары каралат

80 миң бөкөндү атуу боюнча илимий негиздеме кайрадан каралат. Ата мекендик окумуштуулар бул жаныбарлардын санын жөнгө салуунун альтернативдүү жолдорун издей башташты. Атайын маалымат жыйынында Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри бул багытта илимий изилдөөлөрдү тереңдетүү зарыл деген бүтүмгө келгенин билдирди. Башкача айтканда, мындай жапайы жаныбарлардын миграциялык жолдору, жашаган жерлери, тоют базасы толук изилденип, комплекстүү түрдө ар тараптуу бааланат. Акбөкөн тукумунун тагдыры боюнча конкреттүү чечим бул иштердин жыйынтыгынан кийин кабыл алынат - деди министр.

Сериккали Брекешев, Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри:

- Бөкөндөрдүн популяциясы кандай болгон күндө да башкаруусуз чексиз көбөйүп, туруктуу жашай албастыгын түшүнүү керек. Алардын көлөмү чектелүү болот. Биринчиден, азык-түлүк ресурстарынын саналуу болушу, экинчиден, ар кандай себептерден, анын ичинде оорулардан улам бөкөндөрдүн мезгил-мезгили менен массалык өлүмү. Ушуга байланыштуу, аларды сактоо көз карашынан алганда, бул түрдү өзгөчө коргоону улантуу менен, сарамжалдуу пайдалануу, популяциясынын максималдуу санын сактоо максатка ылайыктуу. Мындай популяцияны башкаруу кылдат даярдыкты талап кылат. Ошондуктан Зоология институту менен бирге терең изилдөө иштерин баштайбыз жана анын жыйынтыгын албетте жарыялайбыз. Бул иш бир же эки жылга созулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга байланыштуу бөкөн Кызыл китепке кирбеген аңчылык жаныбары. Бирок аны өлкөнүн аймагында кармоого тыюу салынган. Акыркы 20 жылда саны 21 миңден 1 миллион 318 миңге чукул өстү. Азыр дүйнөлүк популяциясынын 95% Казакстанда жашайт. Аны компетенттүү башкаруу чоң иш экенин тармактын жооптуу адистери мамлекет башчынын сынынан кийин гана түшүнүшкөн.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков