Аны Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму уюштурган. Изилдөөгө Астана, Алматы, Шымкент шаарларынан жана өлкөнүн беш облусунан 800дөн ашык мугалим жана мектеп жетекчилери катышат. Изилдөө билим берүү мекемелериндеги педагогдордун иштөө шарттарын жана билим берүү чөйрөсүн баалоого багытталган. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, анын жыйынтыгы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана жөндөмүн жогорулатуу боюнча окуу программаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Талдоо педагогикалык корпустун күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, ошондой эле мугалимдердин иштөө шарттары менен мектептердеги билим берүү чөйрөсүнө көз карандысыз баа берүүгө мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, изилдөө алты жылда бир өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков