Нобель сыйлыгынын лауреаттарына, ошондой эле эл аралык компаниялардын жетекчилерине түз суроо берүү. Мындай мүмкүнчүлүк Астана шаарынын тургундарында бар. Борбор калаада Нобель фестивалы өтүп жатат. Ага Азербайжан, Кытай, Германия, Түркия, Пакистан, Өзбекстан сыяктуу 6 өлкөдөн жаш окумуштуулар катышууда. Белгилей кетсек, ири технологиялык, илимий жана билим берүүчү эл аралык коммерциялык эмес иш-чара бешинчи жолу өтүп жатат. Бул убакыттын ичинде эки жүз өлкөдөн жарым миллионго жакын IT адистери, инженерлер, астрономдор жана башка серепчилер онлайн талкууларга катышты. Фестивалдын максаты - дүйнөлүк илимди ааламдын ар бир бурчунда жеткиликтүү кылуу.
Максат Курбенов, NOBEL FEST уюштуруучусу:
Салт боюнча, Нобель сыйлыгынын лауреаттары акыркы илимий жетишкендиктердин кайталоочулары болуп эсептелет. Ошондой эле, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эмне болгону, азыр эмне актуалдуу экени маанилүү эмес. Алар мындан ары эмне болоруна кызыгышат. Түштүк Корея менен Тайван да ушундай кылышты.
Артём Оганов, NOBEL FEST катышуучусу:
Быйыл Нобель фестивалы 5-ирет уюштурулуп жатат. Ага чейин иш-чара онлайн режиминде гана өтүп келген. Бүгүн биз чоң аянтта жолугуп, илимдин түрдүү тармактарына тиешелүү актуалдуу темаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк алдык. Фестивалга көптөгөн студенттер келишти. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулардын жаңы изилдөөлөрү, идеялары менен таанышышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков