«Талдыкорган – Өскемен» жана «Караганды – Балхаш» жолдорун жаңылоо. Премьер-министр Алихан Смаилов жана CITIC Construction компаниясынын биринчи вице-президенти Ян Цзяньцян менен жолугушууда республикалык маанидеги автоунаа жолдорун капиталдык оңдоо маселелери талкууланды. Өлкөнүн өкмөт башчысы ири долбоорлорду өз убагында бүткөрүү жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле, айдоочулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кыш мезгилинде жолду оңдоо иштерин көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду. Жолугушууда аталган компаниянын өлкөдөгү башка автожол долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле, өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу демилгелери талкууланды. Премьер-министр макулдашууларды даярдоодо борбордук мамлекеттик органдар тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков