Америкалык ишкер Илон Маскка Казакстанда пилотсуз башкарыла турган «Tesla» унааларын чыгаруучу завод куруу сунушталды. Ойлоп табуучуга мындай сунушту Түркестандын акими өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирген. Рашид Аюповдун айтымында, бул чыныгы сунуш. Эгерде казакстандыктар аталган сунушту канчалык көп жолдой турган болсо, анда миллиардердин ага жооп берүүсү толук мүмкүн. Шаар башчысынын айтымында, жогорку технологиялык заводдун пайда болушу, аймактын жаңы багытта өнүгүшүнө шарт түзөт.
Рашид Аюпов, Түркестан шаарынын акими:
Мен өз өлкөмдүн патриоту катары мындай глобалдык компаниялардын Казакстанда болушун каалайт элем. Себеби, бул жаштардын кесипкөй адис болушуна шарт түзөт. Илим, акыркы технологиялар жана экспорттук дарамет: Менимче, бул абдан маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков