Үстүбүздөгү жылдын 7 айында Казакстан менен Венгриянын соода жүгүртүүсү 79 миллион долларга жетти. Бүгүнкү күндө аталган мамлекет өлкөнүн Чыгыш Европадагы негизги өнөктөшү болуп саналат. Улуттук экономика министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 10 жылда эле Венгрия ата мекендик экономикага 226 миллион доллар инвестиция салган. Республикада венгердик капиталдын катышуусу менен 29 ишкана жана 41 биргелешкен ишкана ийгиликтүү иштеп жатат. Казакстан менен Венгрия экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн туруктуу диалогдо. Өз кезегинде борбор калаадагы бизнес-форумдун жыйынтыгында тараптар сегиз өнөктөштүк келишимине кол коюшту. Бул эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгына жаңы дем берет.
Михай Варга, Венгриянын вице-премьер-министри, Каржы министри:
- Мисалы, айыл чарба тармагында келишимге кол коюлду. Венгриянын эң ири айыл чарба компаниясы биздин казак өнөктөштөрүбүз менен келишим түздү. Фармацевтика тармагын да айта кетели. Анткени Венгриянын бул сектору 2020-жылы экспортту эки эсеге арттырды. Ошондуктан аталган келишимдер биздин кызматташтыгыбызды бекемдейт. Бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдү күтүп жаткан башка бизнесмендер үчүн да жакшы жышаан. Менимче, Казакстандагы, ошондой эле, Венгриядагы эмдөө программасы экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, бизнес долбоорлорду көбүрөөк түзүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков