Казакстан менен Орусия кызматташтыгын арттырууда. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүсү 11 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 26,7%га көп. Казакстандан коңшу республикага буудай, күрүч, цемент, жаратылыш газ конденсаты, жер семирткичтер жана башка өнүмдөр экспорттолгон. Ошондой эле, өлкөгө Орусия инвестицияларынын көлөмү да оң динамиканы көрсөтүүдө. Ал 10%дан кобүрөөк, тагырагы 12 миллиард доллардан ашты. Инвестициянын басымдуу бөлүгү өндүрүш, соода, каржы жана камсыздандыруу кызматына багытталган. Белгилей кетсек, эки өлкө биргелешкен ар кандай ири долбоорлорду мерчемдеп жатат.
Бүгүнкү күндө алардын 30у ишке ашырылуу алдында турат. Бул соода, курулуш, фармацевтика, мунай-химия жана жеңил өнөр жай тармагындагы долбоорлор.
Которгон: Илгиз Жамалбеков