Быйыл Евразия өнүктүрүү банкы казакстандык долбоорлорго инвестициянын көлөмүн 1 миллиард 200 миллион долларга көбөйттү. Ал эми келерки жылы банк өлкө экономикасынын келечектүү тармактарына дагы 1 миллиарддан ашык каражатты багыттоону пландоодо. Бул тууралуу Астанада премьер-министр Алихан Смаиловдун Евразия өнүктүрүү банкынын кеңешинин төрагасы Николай Подгузов менен жолугушуусунда белгилүү болду. Өкмөт башчы белгилегендей, кооперативдик долбоорлордун санын көбөйтүү маанилүү. Өз кезегинде Николай Подгузов Казакстанда 2026-жылга чейин долбоорлорду ишке ашырууга кеминде 4 миллиард доллар инвестиция тартыларын билдирди. Түзүм логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, суу ресурстары менен камсыздоого, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, экологиялык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга багытталган долбоорлорго артыкчылык берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков