Шанхайда жаңы инновациялык хаб ачылды

Шанхайда жаңы инновациялык хаб ачылды

Казакстан Кытайда инновациялык Khan Tengri хабын ачты. Ачылыш аземи Шанхайдагы «Азиянын Кремний өрөөнү» аты менен белгилүү Цжянцзян илимий-технологиялык паркында өттү. Бул Борбордук Евразиядагы стартаптар менен IT-компаниялардын Кытай рыногуна чыгуусуна арналган алгачкы атайын платформа. Башкача айтканда, атамекендик долбоорлор дүйнөдөгү эң ири керектөө рыногуна жетип, эл аралык деңгээлдеги оюнчуларга айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деген сөз. Инновациялык хаб азыркы учурда Кытайдын XNode акселератору менен өнөктөштүк орнотуп, өнүгүү баскычы ар кандай стартаптарга арналган программаларды ишке киргизүүдө.


Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:


- Бул борбор биздин стартап өнүмдөрдү Кытай рыногунда илгерилетүүгө таасирин тийгизе турган маанилүү аянтчп болот деп эсептейбиз. Бул өтө чоң рынок, мында көптөгөн өзгөчө дүйнөлөр жарыкка чыгууда. Биздин башкы максатыбыз – тек батышты багындыруу гана эмес. Ошону менен катар, азырынча өздөштүрүлбөгөн Кытай рыногун да багындыруу. Ошондуктан бардык стартаптар менен ишкерлерди биздин IT-хабыбызды пайдаланууга чакырабыз. Мында сиздерге бардык колдоо көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков