Белгилей кетсек, азыр өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү бир миллиарддан ашканын Финпром.кз порталы билдирди. Тараптар Кыргызстандан Казакстанга эрте бышкан жашылча-жемиштерди жеткирүүгө кызыкдар. Өз кезегинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен коңшу республика ата мекендик өнөр жай жана керектөө товарлары боюнча экинчи орунда турат. Белгилей кетсек, Казакстандан Кыргызстанга акыркы 2 жылда экспорт 2,5 эсеге өскөн. Биздин өлкөдөн Борбор Азия республикасына азык-түлүк, мунай жана газ, машина жасоо, ошондой эле химиялык өнүмдөр жана металлдар жөнөтүлүп турат. Өз кезегинде Кыргызстандан минералдык өнүмдөр, мал жана өсүмдүк товарлары жана башкалар алынып келинет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков