Биринчи жолу казак тайгандары дүйнөлүк сынакка катышат

Биринчи жолу казак тайгандары дүйнөлүк сынакка катышат

Алдыдагы аптада ата мекендик кинологдор Эл аралык кинология федерациясынын Башкы ассамблеясынын жыйынына катышат. Анда Казакстандын аталган уюмга кирүү маселеси талкууланат. Башкача айтканда, толук кандуу мүчө болуп катталуу пародалуу иттер дүйнөлүк деңгээлде таанылат дегенди билдирет. Буга байланыштуу айта кетсек, өткөн жылы мамлекет башчысы тайгандар иттер менен дөбөттүү казак итинин породасы катары эл аралык деңгээлге таанытууну тапшырган.

 

Бауыржан Сериккали, Казакстан кинологтору бирикмесинин президенти:

 

Биз бардык талаптарды аткардык. Мындай деңгээлге татыктуу экенибизден күмөн санабайм. Ошондуктан бул тоскоолдук болбошу керек. Анда биз максатыбызга жетишүүгө тийишбиз. Биринчи тайгандарды таануунун үстүндө иштеп жатабыз. Андан кийин дөбөт менен алектенебиз. Тайган Эл аралык федерациянын номенклатуралык тизмесине киргизилген. Резервде “Qazaq Tazy” бренди бар десек болот. Ошондуктан, бул тарыхта кала турган нерсе жана биз буга кубанычтабыз.

 

Бул жолугушуунун алкагында Женевада «World Dog Show» чемпионаты өтөт. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан 20 миңдей ит катышат. Бул жарышта казакстандык тайгандар биринчи жолу сыналат. Өскемендик Елена Хардина 20 жылдан бери ушундай таза кандуу тайгандарды багып келет. Дүйнөлүк сынакта сынала турган төрт аяктуу жаныбарлар  өлкөнүн намысын коргоого абдан ылайыктуу, дейт кинолог.

 

¤Елена Зарина, Кинолог:

 

Бул биздин таза пародабыз. Ошон үчүн Казакстанда багылган тайгандар жеңишке жетиши керек. Биздин асыл тукум иттерибиз азыр кеңири белгилүү. Учурда бул таза кандуу тайгандарды багуу Украинада, Беларуста, Орусияда, Түркияда, Венгрияда комплекстүү жүргүзүлүүдө.

 

Казак тайгандарынын алдында 7800 чакырым жол бар. Женевага жетүү үчүн 7 күн талап кылынат. Швейцарияга чейин Европанын 10 өлкөсүнөн өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков