Казакстандык дизайнерлердин эмгектери Париж шаарында. Гүлнур Мамежанова казак саймаларын даңазалаган концептуалдык дүкөн ачууну кыялданат. Мода дизайнери бир нече жылдан бери дизайнерлердин кийимдерин тигүү менен алектенип келет. Дүкөндүн ээси мода дүйнөсүнүн борборунда кийимдерден тышкары зер буюмдары, ал тургай үй жасалгалары да коомчулук арасында кызыгууну жаратаарына ишенет.
Гүлнур Мамежанова, дизайнер:
Бул жерде биринчи кезекте өз өлкөңдү таанытуу керек. Азыр бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошонун аркасында азыр Франциядамын. Мындан сырткары, биздин чек араларыбыз ачык. Бул туристтик аймак, бул жерде туристтер көп. Андыктан биз башка элдерге туулган жерибизди көрсөтүп, жаратылышыбыз менен тааныштырышыбыз керек.
Надин Жормелан, сатып алуучу:
Бул жерде кийим тандоо жөнүндө көп сүйлөшөбүз, өзүбүзгө жаккан кийимдерди кийип көрөбүз. Мында бизге Казакстан жөнүндө көп айтылат. Бул абдан жакшы, анткени мен сиздердин өлкөңүздөр жөнүндө билчү эмесмин. Бул жерге келүү аркылуу Казакстандын жаратылышын, мейман достугу тууралуу билдим.
Леди Жуани, дизайнер:
Бул Париж үчүн адаттан тыш аймакта жайгашкан. Дал ушул жерде бардык мода дизайнерлери топтолгон. Алар башкалар менен тажрыйба алмашат. Ал эми Париждин тургундарына бул нерсе жагат. Гүлнур болсо эч кимге окшобогон дүйнө жаратат. Ошонусу менен айырмаланат. Чыныгы саркечтер үчүн алмаштырылгыс жер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков