«Этно айыл» атайын көргөзмөсү ар бир адамды казак элинин бай маданий
мурасы менен тааныштырат. Иш-чара бул күндөрү Казакстандын борборунда өтүп
жатат. Келген коноктор элдик көркөм кол өнөрчүлүктү, музыкалык аспаптарды,
улуттук кийимдердин, ал тургай Улуттук музейдин коллекцияларынан археологиялык
экспонаттарды көрө алышат. Түркестандык уста Гаухарбек Баянбай уулу да борбор
калаага өз эмгектерин ала келген. Ал 40 жылдан бери жыгачтан айкел жасап, ошол
эле учурда байыркы ыкмаларды колдонууга аракет кылат. Ал ар бир эмгекте терең
маани камтылганын айтат.
Гаухарбек Баянбай уулу, уста:
-Чыгармаларым үчүн мен негизинен
Карагач жана Туранганы колдоном. Бул реликт дарагы ыйык деп эсептелет. Аны
менен иштөө өзгөчө ыңгайлуу. Кесүү үчүн эч кандай күч талап кылынбайт. Аны
иштетүү оңой.
Борбордун тургундары жана коноктору байыркы талаа цивилизациясына – домбра, кобыз жана жетигендин музыкалык коштоосунда чыныгы саякат жасай алышат. Мындай саякатты буга чейин өлкөгө расмий иш сапары менен келген Франциянын президенти Эмманюэль Макрон жасаган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков