Казакстан менен Таиланддын ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйөт. Эки өлкөнүн авиация бийликтери өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Бангкокто өттү. Кол коюлган келишим уруксат берилген каттамдардын жалпы санын жумасына 402ден 544кө чейин, башкача айтканда 35%га арттырат. Алардын ичинде Астана, Алматы, Караганды, Шымкент жана Бангкок, Пхукет, Краби, Утапао сыяктуу шаарлардын ортосунда 84 каттам аткарылат. Белгилей кетсек, Таиланд Королдугунун өкмөтү Казакстан жарандары үчүн үстүбүздөгү жылдын аяк оона айынын 25нен кийинки жылдын бирдин айынын 29на чейин убактылуу визасыз режимди киргизди. Ошентип Казакстандын жарандары туристтик өлкөдө 30 күн визасыз жүрө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков