Казакстан менен Түркия биргеликте тарыхый сериалдарды тартууну мерчемдеп жатышат

Казакстан менен Түркия биргеликте тарыхый сериалдарды тартууну мерчемдеп жатышат

Казакстан менен Түркия киноиндустрия тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө. Эки өлкөнүн адистери биргеликте бир катар тарыхый сериалдарды тартууну мерчемдеп жатышат. Мындай чечим Стамбулда өткөн Коркыт Ата Түрк дүйнөсү кинофестивалында кабыл алынды.

Кинофестивалда бир нече казакстандык тасма көрүүчүлөргө сунушталат. Тактап айтканда, фестивалдын баш байгеси үчүн Рустем Абдрашевдин «Казак хандыгы: Алтын так» тарыхый чыгармасы ат салышат.

Рустем Абдрашев, кинорежиссёр:

- Алтын так ­ бул Казак хандыгы жөнүндөгү экинчи тасма. Биз аны фестивалда биринчи жолу көрсөтүп жатабыз. Келечекте бул тасма менен дагы бир топ сынактарга катышабыз деп ойлойм. Ата мекендик кино тармагын колдоо зарыл.

Бүткүл түрк дүйнөсүнүн аксакалы Коркыт бабабызды даңазалаган кинофестивалга бир катар өлкөлөрдөн белгилүү актёрлор, режиссёрлор, продюсерлор чогулду. Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой бул иш-чара түрк элинин маданий кызматташтыгы туура багытта өнүгүп жатканын көрсөтүп жатканын айтат.

Мехмет Нури Эрсой, Түркиянын маданият жана туризм министри:

- Биздин негизги багытыбыз бириккен түрк мамлекеттеринин жалпы жетишкендиктери бойдон кала берет. Киноиндустрия тармагындагы биргелешкен аракеттерибиз биздин ишибизди эл аралык коомчулукка тартуулоого жана тарыхыбызды жайылтууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков