Казакстандын желеги 5 642 метр бийиктикте желбиреди

Казакстандын желеги 5 642 метр бийиктикте желбиреди

Казакстандын көк желеги 5642 метр бийиктикте желбиреди. Тараз шаарынын тургуну Анвар Ханбабаев Орусиянын, Кавказдын жана Европанын эң бийик жери саналган Эльбрус чокусун багындырды. Ал бул чечимге бир нече жыл мурун келип, такай машыгып жүргөн. Кийин ал 10 адамдан турган орусиялык альпинисттер тобуна кошулуп, максатын ишке ашырды. Анвар Ханбабаев бул жеңишин «Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жасаган белегим» деп атады. Келечекте альпинисттин Эверест менен Килиманджаро чокуларын багындыруу максаты турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков