Нур-Султанда Борбор Азиянын театрлары чогулат

Нур-Султанда Борбор Азиянын театрлары чогулат

«Борбор шаар - Өнөр өлкөсү». Нур-Султан шаарында Борбор Азия театрларынын чыгармачыл жолугушуулары өтөт. 10 күн катары менен 10 көркөм чыгармачылык жамааты репертуарындагы мыкты спектаклдерди көрүүчүлөргө сунушташат. Казак сахнасы менен катар Өзбек улуттук академиялык драма театры жана Кыргыз мамлекеттик жаштар театры өз өнөрлөрүн тартуулашат. Көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан популярдуу шедеврлер менен бирге бир катар премьералар көрсөтүлөт. Масштабдуу маданий иш-чара Калибек Куанышбаев атындагы Казак мамлекеттик академиялык музыкалык-драма театрында өтөт.

Нуркиса Дауешов, РКнын Маданият жана спорт вице-министри:

- Биздин башкы максатыбыз - өлкөдө курулуп жаткан көптөгөн жаңы театрлардын чеберчилигин жогорулатуу, бири-бири менен тажрыйба алмашуу жана көрүүчүлөргө руханий азык тартуулоо. Бул театрдык иш-чара боордош өлкөлөрдүн ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого салым кошот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков